Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутаттар республикалык бюджеттин эсебинен министрликтер жана ведомстволор үчүн сатылып алынган атайын техникалардын көргөзмөсүнө барышты.
Көргөзмө Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратынын алдында уюштурулду.
Тактап айтканда, айыл чарба, транспорт, энергетика, санариптештирүү, экология, курулуш, каржы жана саламаттык сактоо тармагындагы атайын техникалар көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, көргөзмөдө ата мекендик өндүрүш товарлары жана айыл чарба продукциялары коюлган.
Пикир
Оставить комментарий