• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Акылбек Жапаров администрациянын кызматкерлерин "фронттун көрүнбөгөн жоокерлери" деп атады

Өкмөт 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Кыргызстан акырындык менен атаандаштыкка жөндөмдүү жана күчтүү мамлекеттердин башка “лигасына” өтүп бара жатат, ошого жараша эл аралык каржы институттары менен өз ара аракеттенүү да сөзсүз түрдө өзгөрөт, деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын кызматкерлери менен болгон жыйында.

"Мен ар дайым сандарды окуп, туура тыянак чыгара билүү — бул биздин мындан аркы ийгиликтерибиздин ачкычы экенин айтып келем. Сандар аналитикалык курал жана стратегиялык чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болушу керек. Биз бул сандардын артында эмне турганын жакшыраак түшүнүшүбүз керек: кайсы тармактарда эң көп өсүш байкалууда, кайсы аймактар ИДПнын өсүшүнө олуттуу салым кошуп жатат жана мындан аркы өнүгүү үчүн күч-аракетибизди кайда топтошубуз керек. Бул сандардан биз чыгарган тыянактар мындан аркы аракеттердин негизин түзүшү керек", - деди ал.

Жапаров жыйындын катышуучуларына жетекчи катары эмес, алар менен бир миссияны бөлүшкөн адам катары айтып жатканын белгиледи.

"Бул жерге президенттин администрациясынын кызматкерлери эле чогулган жок. Сиздер “фронттун көрүнбөгөн жоокерлерисиздер”, өлкөнүн тагдыры мойнунда турган сакчыларысыздар. Сиздердин ар бириңиздер мамлекеттик башкаруунун бардык механизмин алдыга жылдырган негизги элементсиздер. Биз бул жерге чоң миссия менен келдик. Биз өлкөбүздүн жана элибиздин алдындагы ыйык милдетибизди аткарабыз", – деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий