Акылбек Жапаров административдик-аймактык реформанын ишке ашырылышы тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. “Реформага баруу эбак эле бышып жеткенине карабастан, канча жылдан бери ишке ашпай келе жаткан. Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү биз үчүн жеңил болгон жок. Идеалдуу реформа кылуу кыйын, бир топ маселелер дагы да бар, биз бара-бара түздөйбүз”, - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, бүгүн Жогорку Кеңештеги административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча жасаган баяндамасында.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, административдик-аймактык реформанын максаты айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү. Бул финансылык жана кадрдык ресурстарды натыйжалуу башкарууга жана пайдаланууга алып келет. Эгер буга чейин өлкөдө 452 айыл аймак болсо, административдик-аймактык реформанын жыйынтыгында алардын саны 235ти түзөт.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей, 1990-жылдан бери карай ушуга чейин 40 район, 32 шаар, 452 айыл аймагы пайда болуп, анын 62си – бир айылдан турган айыл аймактар, ошол эле учурда 10дон 20га чейин айылдын башын кошкон, элинин саны 30-40-50 миңге жеткен айыл өкмөттөрү болгон, алардын арасында теңсиздиктер жана ажырымдар чоң болуп келген.

“Эми бир айылга – бир айыл өкмөт, бир урууга – бир айыл өкмөт” деген принциптен кайттык. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин саны кыскарган менен алардын ишинин көлөмү өзгөргөн жок”, - деди ал.

Минкаб башчысынын айтымында, буга өлкө боюнча жүргүзүлгөн санариптешүү жараяны түрткү болду.

“Азыр эч ким айыл өкмөттүн имаратына келип маалымкат албайт, келсе да берилбейт. Маалымкатты “Түндүк” тиркемеси аркылуу 3 секундда ала алышат. Учурда элдин 90%ы маалымкат үчүн айыл өкмөткө барбайт. Банктар көп документтерди сурабай калды”, - деген Акылбек Жапаров, “Түндүк” порталынан 15,6 млн жолу кызмат көрсөтүлгөнүн, муну менен элибиз 1 млрд сомдон ашык каражатты жана 12,9 млн саат убактысын үнөмдөшкөнүн, эң көп “үй бүлө курамы” жана “жашаган жери боюнча” маалымкаттар суралганын белгилеп өттү.

Акылбек Жапаров белгилегендей, административдик-аймактык реформанын дагы бир максаты – жакырчылыкка каршы активдүү даректүү жардамдарды күчөтүү болуп саналат. 2022-жылы 111 миңге жакын өтө жакыр үй-бүлө санарипке кирсе, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө кыскарган. Үч жылдын ичинде 13 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык контракт алып, 18 миңден ашык жумушчу орун түзүлдү. Быйыл дагы 23 миң өтө жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөгө каражат бөлүнөт (2,3 млрд сом).

“Биз айыл өкмөттөрдөн тазалыкты, тартипти, колунда жокторго каралашып, элди карап турууну жана өзүнүн экономикасын бекемдөөнү, инвестиция тартууну талап кылып жатабыз”, - деди ал.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров кадрдык потенциалды күчөтүлүп, райондун акимдерине ыйгарым укуктар берилгенин, ротациялоо системасы менен “өзүбүздүн уул” деген принцип жоюлганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий