• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Акылбек Жапаров аймактардагы бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү негизги маселелерди талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, шаарлардын мэрлеринин жана райондордун акимдери менен видеоконференция режиминде кеңешме өткөрдү.

Кеңешме жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө бюджеттик колдоо, экономиканы өнүктүрүү, объектилерди куруу жана инфраструктураны жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Акылбек Жапаров бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринин негизги милдети экенин баса белгиледи. Ал чыгымдарды катуу көзөмөлгө алуу жана социалдык дагы, инфраструктуралык дагы долбоорлорду каржылоодо айкындуулукту камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, ал объекттерди курууда электрондук накладнойлорду (ЭТБ) жана электрондук эсеп-фактураларды сөзсүз колдонууга басым жасады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жыйындын катышуучуларын пландаштыруунун жана бюджетти башкаруунун заманбап ыкмаларын, анын ичинде каражаттардын чыгымдалышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо үчүн санариптик технологияларды колдонууну жигердүү киргизүүгө чакырды. Бул, анын пикири боюнча, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатууга жана калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууга шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий