• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Акылбек Жапаров акыркы үч жылда бюджеттеги каражаттар эки эсе көбөйгөнүн билдирди

Өкмөт 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы үч жылда бюджеттеги каражаттар эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети 247,7 млрд сомду түзсө, 2023-жылы бюджеттин ресурстары 577,2 млрд сомго жетти.

“Фискалдык саясатта биз заман талабына жооп берген технологиялар киргизилип жатат. Салык төлөөчүлөр да буга ыраазы. Отчет берем деп кезекте отурбастан өтө тездик менен отчет тапшырып, керектүү документтерин алып жатышат. ККМди колдонуу жаатында да олуттуу прогресс байкалды, бүгүнкү күндө алардын саны 100 миңден ашык аппаратты түздү жана акыркы үч жылда 6 эсеге көбөйдү. Мындан ары да бул саясатты улантабыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып республикада патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулган.

Экинчи учурда, ички жана тышкы инвестицияларды алдыга жылдыруу күчөтүлөөрүн белгилеген Акылбек Жапаров, өнөр жай секторун өнүктүрүү негизги приоритет экенине токтолду.

“Учурда жаңы ишканаларды активдүү ачып жатабыз. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына карата 100дөн кем эмес жаңы ишкана ачылат дегенбиз. 2024-жылдын башынан бери 29 ишкана ишке киргизилди. Ири долбоорлор ишке ашырылууда, Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Эми ушул темптен жазбастан алга барыш үчүн бизге кесипкөйлүк, ишке чыгармачыл мамиле жана темирдей тартип зарыл”, - деди минкаб төрагасы.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров жакында туризмди өнүктүрүүнүн жаңы барактары ачыларын кошумчалады. Анда 3 ири инфраструктуралык туристтик долбоор ишке ашырылаат, алар “Кыргыз Куршевели”, “Байтик Резорт” жана “Чаткал Резорт”.

“Азыр өлкө кыргыз “Куршевелин” курууга киришти. Француз компаниясы S3V – дүйнөгө белгилүү Куршевель курортунун алгачкы операторлорунун бири, Кыргызстанда “Үч чоку” тоо лыжа кластерин ишке ашыруу менен алектенүүдө. Анда 200 чакырым тоо лыжа жолу түшөт. Курорт жыл бою иштеп, жылына 850 миңге чейин туристти кабыл ала алат. Бул Борбор Азиядагы эң чоң курорт болот. Ошондой эле “Байтик резорт” кластерин түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Өзбекстан менен биргеликте “Чаткал резорт” тоо лыжа кластерин ачуу маселеси каралууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий