• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Акылбек Жапаров: Бүгүнкү күндө экономикалык дипломатия - учурдун талабы

Өкмөт 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө экономикалык дипломатия - учурдун талабы. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчынын жана министрлер кабинетинин жетекчилигинин иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан отчеттук мезгилде аткарылган иштер каралды.

Акылбек Жапаров инвестицияларды, жаңы технологияларды, билимдерди жана инновациялык чечимдерди тартуу боюнча иштерди активдештирүү, ошондой эле кыргыз продукциясын экспорттоо боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ал белгилегендей, тышкы иштер министрлиги ири масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду, ири соода-логистикалык комплекстерди, өндүрүш борборлорун куруу долбоорлорун, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо, Бишкек жана Ош шаарларындагы эл аралык аэропортторду модернизациялоону ишке ашыруу үчүн каржылоону табууга аракетин жумшоо зарыл.

Коллегиялык жыйындын соңунда Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинин жана чет элдик ведомстволордун жетекчилигине бир катар милдеттерди койду.

"Жалпысынан биз тышкы иштер министрлигинен жана элчилерибизден чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча дагы активдүү, креативдүү, натыйжалуу иштерди күтөбүз", - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий