Акылбек Жапаров: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. "Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды", - деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйшөмбүдө Бишкекте башталган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоо боюнча Евразия тобунун 40-пленардык жыйынында.

Ал өз сөзүндө өтүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн жана Кыргызстандын экономикалык ийгиликтерин белгиледи.

"Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын январында шайлангандан бери Кыргызстанды сөз менен эмес, иш жүзүндө ак ниет башкаруу жана коррупцияга каршы күрөшүү принциптерине чыныгы берилгендигин көрсөттү. Биз акыркы 3 жылда салык жыйымдарын 3 эсеге, бажы кирешелерин 4 эсе өсүүсүнө жетиштик, экономиканын орточо өсүшү 7%га, ИДП дээрлик 2 эсеге өстү.

Натыйжалуу башкаруунун, ачык-айкындуулук жана отчеттуулукту жайылтуунун, санарип технологияларды кеңири колдонуу, фискалдаштыруу, экономиканы накталай эмес төлөмдөргө өткөрүүнүн аркасында Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү", - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий