Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк тхэквондо федерациясынын президентин кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк тхэквондо федерациясынын президенти Чунг Вон Чону кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташууну, ошондой эле спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы таэквондо жаштарды эрктүүлүккө жана тартипке тарбиялоого, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталган өлкөдөгү эң популярдуу спорттун түрлөрүнүн бири экенин белгиледи.

Өз кезегинде Чунг Вон Чо министрлер кабинетинин төрагасына өзүн өзү коргоо өнөрүнүн бул түрүн жайылтууга багытталган иштер тууралуу айтып берди, өзгөчө социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарын чаралар таэквондого акысыз үйрөтүү боюнча иштерди белгиледи.

Ал ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк тхэквондо федерациясынын президиуму таэквондо (WTF) боюнча ардактуу тогузунчу данды Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ыйгарууну чечкендигин, ал жакын арада ага ыйгарыла турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий