Акылбек Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 08.10.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Энергетика жана инфраструктура министри – БАЭ менен Кыргызстандын кызматташуу маселелери боюнча БАЭнин Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Сухэйл Аль-Мазруи менен жолукту.

Жолугушуунун башында, минкаб төрагасы жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу максатында Кыргызстанга келген бир катар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган БАЭ делегациясын жылуу тосуп алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө экономиканын түрдүү тармактарында, анын ичинде электр станцияларын куруу, банк, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, ошондой эле башка биргелешкен демилгелер боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери терең талкууланды.

Минкаб төрагасы 2022-жылдын ноябрында Абу-Дабиде жемиштүү өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр кыргыз-эмират мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгарганын белгиледи.

Мындан тышкары, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган эффективдүү реформаларды илгерилетүү боюнча тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Бул багытта БАЭ өкмөтү тарабынан иштелип чыккан “Өкмөттүк акселераторлор” методикасы Кыргызстанда жогорку натыйжалуулугун көрсөткөнү айтылды.

Тараптар уставдык капиталы 100 млн долларды түзгөн биргелешкен холдингдик компанияны түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту, тагыраагы “Масдар” компаниясы менен биргеликте Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын жана ГЭС куруу жана Абу-Дабидеги “Халифа” экономикалык аймагында кызматташуу.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ар бир келечектүү долбоор боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жана далилдүү эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү боюнча жумушчу топторду түзүү чечими кабыл алынды.

Өз кезегинде эмират тарап биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө даяр экендигин белгилеп, эки тараптуу мамилелер өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү негизде бекемделип, ийгиликтүү өнүгөт деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий