Акылбек Жапаров Башкы прокуратуранын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Максат Асаналиев Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалды.

Жаңы башкы прокурорду көзөмөлдөөчү органдын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды.

Акылбек Жапаров президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын Максат Асаналиевдин укук коргоо органдарында басып өткөн эмгек жолун, кесипкөйлүгүн, анын ичинде прокуратура системасындагы көп жылдык тажрыйбасын жана ишиндеги жетишкендиктерин эске алып, аны дайындоо менен республиканын башкы көзөмөл ведомствосунун мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы иши мындан ары да күчөтүлөт деген ишенимдерин билдирди.

Өз кезегинде, Максат Асаналиев ага ишеним көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн президентке, Жогорку Кеңешке жана президенттин администрациясынын башчысына ыраазычылыгын айтып, мыйзамдын үстөмдүгүн, инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын камсыз кылуу милдеттерин аткарууга бардык аракетин жумшаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий