• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акылбек Жапаров Баткендеги куралдуу кагылышууда жараат алгандардан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда жаракат алган балдардын жана жарандардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Акылбек Жапаровго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тийиштүү дарылануу жана психологиялык жардам алып жаткан 7 баланын абалы тууралуу маалымат берилди.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында дарыланып жаткан жарадар болгон жарандарга жана аскер кызматкерлерине барды. Учурда медициналык мекемеде 36 адам дарыланууда, жабыркагандардын абалы орто жана оор деп мүнөздөлөт.

Жапаров бардык жабырлануучулар тийиштүү дарылануу жана андан ары ден соолугун калыбына келтирүү менен камсыздалаарын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Белгилей кетсек, 17-сентябрь саат 16:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 122 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий