• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Акылбек Жапаров Бавария парламентинин президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мюнхен шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Германиянын Бавария федералдык аймагынын Ландтаганын (парламенти) президенти Ильзе Айгнер менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Бавариянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнү талкуулап, экономика, билим берүү, мыйзам чыгаруу жана туризм тармактарында тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга басым жасашты.

“Мен ошондой эле мыйзам чыгаруу тармагында олуттуу тажрыйбасы бар өкүл катары Сиз менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугума кубанычтамын”, – деп сөзүн баштаган Акылбек Жапаров, Кыргызстан менен Бавариянын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров Ильзе Айгнерге Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер менен болгон сүйлөшүүнүн, ошондой эле кыргыз-герман бизнес-форумунун ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу айтып берди.

“Бир нече сааттан кийин кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйыны болот. Биз бул иш-чараларга чоң маани беребиз, бул форматты толук колдойбуз, эки тараптуу экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жакшы салтына жана эффективдүү механизмине айланаарын күтөбүз”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Ильзе Айгнер Кыргызстан менен активдүү диалогду жана кызматташууну, өзгөчө эки тараптын тең экономикасын өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жардам бере турган билим берүү жана технологиялар жаатында тажрыйба алмашууну колдоого даяр экенин билдирди.

Соңунда Акылбек Жапаров мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Бавариянын Ландтаганын өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий