• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Акылбек Жапаров бир катар эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “MINEX Борбордук Азия” X тоо-геологиялык форумунун алкагында бир катар эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Атап айтканда, Акылбек Жапаров ал британиялык Concrete Canvas Ltd компаниясынын өкүлү Даррен Хьюз менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Бишкекте өндүрүш ачуу, мындан аркы инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга умтула тургандыгын ырасташты.

Андан ары британиялык “SRK Consulting” компаниясынын башкаруучу директору Доктор Тим Лакс менен жолугушуу болду.

“SRK Consulting” эл аралык консалтинг компаниясы болуп саналат, негизинен тоо-кен жана суу ресурстары секторлорунун кардарларына адистештирилген кеңештерди жана чечимдерди сунуштайт.

Минкаб башчысы белгилегендей, министрлер кабинети өлкөнүн жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын сапаттуу баалоого жана аларды заманбап технологияларды, жабдууларды, инвестицияларды пайдалануу менен рационалдуу иштетүүгө, ошондой эле экологиялык жогорку талаптардын сакталышын эске алууга кызыкдар.

Тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле форумдун алкагында министрлер кабинетинин башчысы Metso компаниясынын президенти Марку Терасвасара менен сүйлөштү.

Финляндиялык компания металл эмес материалдарды өндүрүү, минералдык кайра иштетүү жана металлургия тармактарында колдонулган туруктуу технологиялар, комплекстүү чечимдер жана кызматтар боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат.

Маектешүүдө мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Компаниянын өкүлдөрү биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров “Boston Consulting Group” эл аралык консалтинг компаниясынын башкаруучу директору жана өнөктөшү Андрей Навицкий менен жолугушту.

Учурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте тармакты өнүктүрүү жана сейрек кездешүүчү металлдарды иштетүү стратегиясы иштелип чыгууда.

"Бизге тоо-кен тармагын алдыга жылдыра турган стратегия керек», - деп белгиледи минкаб төрагасы.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров "Чаарат Голд Холдингс Лимитед" компаниясынын жетекчилиги менен ишкананы өнүктүрүүнүн келечегин жана Чаарат алтын кенин иштетүү боюнча мындан аркы пландарды талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий