Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0


Бишкек, 03.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ыкчам штабдын маалыматына караганда, учурда ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий