Акылбек Жапаров Бишкекте реконструкция иштери жүрүп жаткан көчөлөрдү кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында реконструкция иштери жүрүп жаткан көчөлөрдү кыдырды.

Эскерте кетсек, Бишкекте реконструкциялоо иштерине байланыштуу төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылган:

  • Ахунбаев көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин;
  • Байтика баатыр көчөсү — Токомбаев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, оңдоо иштерине байланыштуу жолдордун төмөнкү тилкелери жарым-жартылай тосулган:

- Манас айылы көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен Кырман көчөсүнө чейин;
- Коңорчок көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн дарыяга чейин;
- Матросов көчөсү Кулатов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;
- Көкчө тоо чолок көчөсү Щербаков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Нарвская көчөсү Профсоюз көчөсүнөн Бородин көчөсүнө чейин;
- Февраль көчөсү 8-Март көчөсүнөн Коллектив көчөсүнө чейин;
- Керамическая көчөсү Аул көчөсүнөн мечитке чейин;
- 9-кичи району, түндүк тарабы 3б, 5б Саманчин көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;
- Исаков көчөсү Ташкент көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
- Эркиндик бульвары Жибек-Жолу проспектисинен Абдымомунов көчөсүнө чейин;
- Ахунбаев көчөсү Шабдан баатыр көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий