• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Акылбек Жапаров: Биз ар кандай тоскоолдуктарды жеңе аларыбызды бир нече жолу далилдедик

Өкмөт 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. "Эч кимдин мүдүрүлүүгө акысы жок, артка кайтууга жол жок. Олку-солку болууга жана коркууга орун жок. Сиздер эртеңки күндүн ачкычын өзүңүздөрдүн колуңуздарда кармап турасыздар, биз жаркын жана стабилдүү келечектин эшигин ачууга милдеттүүбүз, – деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын кызматкерлери менен болгон кеңейтилген аппараттык жыйындын жүрүшүндө.

“Сиз экөөбүз жөн гана мамлекеттик кызматкер эмеспиз. Биз Кыргызстандын келечегинин архитекторлорубуз. Ал эми тигил же бул милдеттерди кандай аткара турганыбыз тууралуу биздин урпактарыбыз бизди кандай эстээринен көз каранды", – деди ал.

Акылбек Жапаров жакырчылык менен күрөшүү боюнча активдүү иштерди белгиледи. Маселен, 2022-жылы 111 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлө болсо, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө азайган. Акыркы 3 жылда 13 миңге жакын үй-бүлө социалдык келишим менен камсыз болгон.

“Үстүбүздөгү жылы биз дагы 23 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каражат бөлөбүз. Мындан тышкары, Улуттук инвестициялык фонд түзүлүүдө, ал мамлекеттик ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жана кирешелүүлүгүн жогорулатуу максатында алардын консолидацияланышына багытталган. Менеджменттин дүйнөлүк стандарттарына жооп бере турган жаңы башкаруу куралы киргизилет. Президенттин администрациясынын кызматкерлеринин жөндөмдөрү жана компетенциялары бул жаңычылдыктарга дал келүүгө жана өз ара байланышта болууга тийиш. Биз ар кандай тоскоолдуктарды жеңе аларыбызды бир нече жолу далилдедик. Эми кийинки деңгээлге көтөрүлүү убакыты келди. Биз ар кандай чакырыктарга жөн гана даяр экенибизди көрсөтпөстөн – биз аларды жаратууга, аныктоого, жеңүүгө убакыты келди. Сиздин ар бир кадамыңыз хирургдун кескениндей так болушу керек. Биз өзүбүздү жана жагдайды аябастан, чечкиндүү аракеттенүүгө милдеттүүбүз”, – деди минкаб төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий