Акылбек Жапаров: Биз бизнести эл аралык кылмыштуу түзүмдөрдүн таасиринен жана көз карандылыгынан тазалайбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. "Биз бизнести эл аралык кылмыштуу түзүмдөрдүн таасиринен жана көз карандылыгынан тазалап жатабыз. Бул иштердин бардыгы ачык-айкын жана биздин коомчулуктун жана ЖМКлардын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө", - деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйшөмбүдө Бишкекте башталган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоо боюнча Евразиялык топтун 40-пленардык жыйынында.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү өлкө жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулук жана мурдагы жылдары терең тамыр жайган мафиялык-коррупциялык структураларга каршы күрөшүү боюнча саясий эркинин бекемдигин моюнга алышууда.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы жыйындын күн тартибине киргизилген капиталдарды амнистиялоо программасын ишке ашырууга токтолду.

"Биздин көптөгөн бизнес-түзүмдөрүбүз жана жеке жактар өткөн он жылдыкта көмүскө экономикада болуп, мыйзамсыздык жана укуктук коргоонун жоктугунан жабыркап келишкен. Акыры көмүскөдөн чыгып, таза жашап, салык төлөй баштоосунун жолун табышыбыз керек болчу. Бул чындап эле көмүскө экономикага каршы бир жолку чара. Өткөн мезгилдин ичинде биз кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы улуттук системанын бардык субъекттеринин ишмердүүлүгүндө көрсөткүчтөрдүн олуттуу жакшырганын байкадык", - деди ал.

Анын айтымында, Кыргызстанда терроризмди колдоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча улуттук система натыйжалуу иштеп жатат.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын атынан мындан ары Кыргызстан эч кандай түзүмдөргө кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу үчүн мамлекетти пайдаланууга жол бербей турганына ишендирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан жакынкы 3 жылда FATF системасы боюнча финансы чөйрөсүндө ачык-айкындуулук боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө чыгууга ниеттенип жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий