• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Акылбек Жапаров: Бизге мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга жардам бере ала турган – мобилдүү жергиликтүү бийлик керек

Өкмөт 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. “Өлкөнүн ИДПсы 2030-жылы 30 млрд долл, 2050-жылы 200 млрд долларга жетиши үчүн – айрыкча өз убагында маселелерди шарт-шарт чечип туруу үчүн биринчи кезекте административдик аймактык реформаны ишке ашыруу маанилүү. Бизге мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга жардам бере ала турган – мобилдүү жергиликтүү бийлик керек”, - деп билдириди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, бүгүн Жогорку Кеңештеги административдик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча баяндамасында.

Минкаб башчысынын айтымында, айрым учурда эң эле жөнөкөй болгон сугат суу, таза суу маселесин чечүүдө “биздин айыл өкмөттүн суусун биз гана колдоно алабыз” деген тар түшүнүктөр, же кенди иштетүүдөн түшкөн каражатты биз гана иштетишибиз керек, башкалар менен бөлүшпөйбүз деген туура эмес түшүнүктөр чыгып келген.

“Айрыкча жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуда айыл аймактар техникалар жагынан бири-бирине жардам берүүгө мыйзам жол берген эмес. Аймактарды ирилештирүү менен – бул көйгөйлөр түп-тамыры менен чечилет”, - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле минкаб башчысы административтик-аймактык реформанын дагы бир түрткүсү-калкттын социалдык көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү болгонун кошумчалады.

“ФАП же медпункт эмес, чоңураак толук кандуу медициналык мекемеге айланат. Президенттин “Жаңы кадам” кеңешмесинде “аймактарга жөнөтүлгөн врачтардын айлыктары эки эсеге көтөрүлөрүн” айтты. Балдарды кароо үчүн 550 штат кошумча каралып жатат”, - деген Акылбек Жапаров, жергиликтүү кеңештер боюнча да кеңири токтолду.

Алсак, оптималдаштыруу максатында жергиликтүү кеңештин депутаттары 4 жылга эмес 5 жылга шайланышат, ал эми шаарларда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлагандай эле саясий партиялардын ичинен талапкерлерди тандоо мүмкүнчүлүгү шайлоочуларга берилет. Ошондой эле минкаб башчысы буга чейин ААР пилоттук негизде Ысык-Көл жана Нарын облустарында ийгиликтүү жүргүзүлгөнүн эске салды.

Минкаб башчысы реформаларды ишке киргизүү үчүн, Жогорку Кеңешке – айыл аймактарынын, шаарлардын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер, администрациялык-аймактык түзүлүшү, ошондой эле Жарандык, Жер, Турак жай, Бюджеттик кодекстерге, 10 мыйзамга, жалпысынан 14 мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бирге алып келип жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий