Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар ишканаларга барды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Москва районунда жайгашкан “Тулпар моторс” ЖЧКнын автоунаа чогултуучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жеңил унааларды, жүк ташуучу унааларды жана автобустарды чогултуучу заводдон чыгарылган автотранспорттор Кыргызстандын керектөөсүн камсыздайт, өзгөчө автобустар мектеп окуучуларын ташууга багытталаарын минкаб төрагасы Акылбек Жапаров белгиледи, ошондой эле Орто Азия мамлекеттерине экспорттолот.

Белгилей кетсек, ишмердүүлүгү автоунааларды чогултууга багытталган заводдун курулушу 2023-жылдын майында башталган, анын жалпы аянты 4,5 га жер. Жумушчулардын саны 5 жыл аралыгында 1400 адамга жетээри пландалууда. Ал эми, бул долбоорду ишке ашырууга инвестициянын жалпы суммасы эки баскыч менен 110 млн доллар жумшалат. Өнөктөш өлкө Өзбекстан.

Андан соң минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балта шаарында жайгашкан “Зилан Эверсун текстиль” ЖЧКсы ишке ашырып жаткан “Полиэстр жана лайкр кездемесин чыгаруучу” ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкана учурда тесттик режимде иш жүргүзүүдө. Жеке инвестициянын көлөмү 2,3 млн доллар болсо, ал эми Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду 3,4 млн доллар бөлгөн.

Жылына 3,300 тонна полиэстр жана лайкр кездемесин чыгарууну пландап жаткан ишканада алдыңкы жылдары 200 жумуш оруну түзүлөөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, минкаб төрагасы Кара-Балта шаарында жайгашкан “Кыргызалтын” ААКнын алтын ченемдик куймаларын өндүрүү заводунун курулуш иштери менен таанышты. Долбоордун жалпы суммасы 300 млн сомду түзөт, каржылоо толугу менен “Кыргызалтын” ААКнын өздүк каражатынын эсебинен.

Адистердин айтымында, долбоор ченемдик куймаларды өндүрүү жана сатып өткөрүү боюнча иштерди өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана көбүрөөк кошумча нарк менен Кыргызстандын аймагында казылып алынып жаткан кымбат баалуу металлдардын айланымдуулугун арттырууга багытталган.

Белгилей кетсек, “Тулпар моторс” автоунаа чогултуучу заводунун, “Полиэстр жана лайкр кездемесин чыгаруучу” ишкананын, ошондой эле “Алтын ченемдик куймаларын өндүрүү” заводунун расмий ачылыштары үстүбүздөгү жылдын июль-август айларында президент тарабынан ачылат.

Пикир

Оставить комментарий