Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышты.

Алгач Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Ата районундагы базальт буласын (минералдык жүн) чыгаруучу заводго барды.

Ишкана минералдык жүн өндүрүү боюнча линияны монтаждоону аяктады жана өндүрүш процессине катышкан негизги системаларды орнотууда. Жабдуулар тесттик режимде ишке киргизилди, продукциянын сыноочу партиясы чыгарылды.

Белгилей кетсек, учурда базальт буласы 100% импорттолот. «Изо-Пенопласт ЛТД» ЖЧК заводу бул продукцияны жалгыз чыгаруучу болууда. Заводдун жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 20 миң тонна базальт буласын түзөт, бул продукцияны жергиликтүү рынокто сатууга да, экспорттоого да мүмкүндүк берет. Заводдо 100гө чейин жумушчу орун түзүлөт.

Андан ары министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Ата районундагы автоклавдуу газобетонду чыгаруучу заводдун курулушунун журушу менен таанышты.

«Кант ТШП» ЖЧКсы Кыргызстандагы жогорку сапаттагы хризотил жана була цемент продукциясын (шифер менен жабуу) чыгаруучу ири ишкана болуп саналат. 2021-жылы компания 4 миллион шифер саткан.

Заводдун ишке кириши менен 100дөн ашык жумушчу орун түзүлөт. Долбоор рыноктун суроо-талаптын 15% жабат. Продукцияны экспорттоонун пландалган көлөмү жылына 1 миллион АКШ долларын түзөт.

Министрлер кабинетинин башчысы ишканаларга көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий