Акылбек Жапаров Чүйдөгү №16 түзөтүү мекемесинде жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Москва районунда жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 16 түзөтүү мекемесинде жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.

Белгилүү болгондой, 2024-жылдын апрель айында реконструкциялоо иштери Жазаларды аткаруу кызматынын “Механизацияланган көчмө колонна” мамлекеттик ишканасы тарабынан башталган, курулуш иштери жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Объектте 100дүн тегерегиндеги жумушчу иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий