• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Акылбек Жапаров эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференция Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын чыгаан экономисти Төлөбек Камчыбековдун 75 жылдыгына арналды.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө илимдин ролунун маанилүүлүгүн белгилеп, Төлөбек Камчыбековдун Кыргызстанда экономикалык ойдун калыптанышына кошкон салымын белгиледи. Ал ошондой эле учурдагы экономикалык көйгөйлөрдү талкуулоого жана жаңы чечимдерди табууга мүмкүндүк бере турган бул конференцияны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле республиканын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, аларды “илбирсттин секириги” катары сыпаттады.

"Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн ИДПсынын өсүү темпи 8,7%ды түздү, ал эми «Кумтөрдү» эсепке албаганда 10,6%ды түздү, 2023-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,2 триллиондон сомдон ашса, быйыл 1,5 трлн. сомду түздү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор. Өлкөнүн материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Акыркы 3 жылдын ичинде биз 2 миң чакырым жол курдук, өлкөнүн өнөр жай тармагы жанданууда. Бир мык да чыгарбаган өлкөдөн биз автоунаа чыгарган өлкөгө айландык", - деп баса белгиледи минкаб башчысы.

Жыйынтыгында минкаб төрагасы конференция тажрыйба алмашуу жана кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана өлкөнүн экономикасын дагы да туруктуу кылууга көмөктөшүүчү жаңы чечимдерди табуу үчүн жемиштүү аянтча болуп каларына ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий