• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Акылбек Жапаров Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун сессиясына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу кеңешинин 56-сессиясына катышты.

Ал белгилегендей, Кыргызстан 2011-жылдан бери Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө жана үчүнчү жолу уюмга төрага болуп жатат.

“Дүйнөнүн 25 мамлекети кирген эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу кеңешине төрагалык кылуу биздин өлкө үчүн чоң сыймык, анткени дал ушул уюм жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында орчундуу чечимдерди кабыл алат. Бул биздин өлкөнүн эл аралык жарандык коргонуу системасындагы маанилүү ролун таануу, бул жаатта кыргыз тажрыйбасынын баалуулугун ырастоо болду. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүнкү күндө техникалык жактан күчтүү мамлекеттик органдардын бири. Эки жылдын ичинде бюджет 4 эсеге – 2 миллиарддан 8 миллиард сомго чейин көбөйтүлгөн. Өрт өчүрүүчү жана инженердик техникалардын паркы 100 пайызга жаңыртылды. 400дөн ашуун өрт-куткаруу жана инженердик техникалар сатылып алынды”, – деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы андан ары Кыргызстан Кыргызстандын аймагында Борбордук Азия жана Азия өлкөлөрү үчүн эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун аймактык кеңсесин ачуу демилгесин көтөрүп жатат деп улантты. Анын пикиринде, Кыргызстанда эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун Борбордук Азия үчүн аймактык гуманитардык кеңсесинин ачылышы гуманитардык долбоорлорду практикалык ишке ашыруу жана региондогу мамлекеттерге алардын аймактарында өзгөчө кырдаалдар болгон учурда ыкчам жардам көрсөтүү үчүн эң сонун аянтча болуп кызмат кылат.

Пикир

Оставить комментарий