Акылбек Жапаров Эмгек министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министрди тааныштырды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министр Жылдыз Полотованы тааныштырды.

Минкаб төрагасы министрликтин алдында калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жаңы ички миграциялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, башка өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарын эсепке алуунун электрондук системасын киргизүү, эмгек тартибин жөнгө салуу боюнча олуттуу милдеттер турганын белгиледи.

Акылбек Жапаров быйылкы жылы 20 миң үй-бүлөнү камтыган “Социалдык контракт” программасын сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду. Анын айтымында, келерки жылы бул программа 30 миң үй-бүлөнү камтуу пландалууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы жаңы дайындалган министрге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий