• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Акылбек Жапаров: Энергетика кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири болуп кала берет

Экономика 0

Ысык-Көл, 12.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Энергетика кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири болуп кала берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп жаткан кыргыз-орус экономикалык форумунда билдирди.

Анын айтымында, “Росатом” менен чакан ГЭСтерди, ошондой эле шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча долбоорлор бар.

“Бул долбоорлор энергетикалык коопсуздукту жакшыртууга гана эмес, өлкөбүз үчүн стратегиялык артыкчылыктуу энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү тездетүүгө жардам берет. Мен Россияга Кыргызстанды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Газ тармагы да андан кем эмес мааниге ээ. Чалдыбар ЖЭБин жана кубаттуулугу 500 МВт Кара-Кече ЖЭБин куруу сыяктуу ири энергетикалык долбоорлор боюнча ишти активдештирүүнү пландап жатабыз, бул биздин өлкөбүздү керектүү энергетикалык ресурстар менен камсыз кылып, өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Биздин алдыбызда олуттуу милдеттер турат жана аларды биргелешкен күч-аракет менен гана чече алабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында кыргыз-орус экономикалык форуму өтүүдө. Иш-чарага эки өлкөнүн миңге жакын делегаты катышууда. Форум 13-сентябрга чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий