• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акылбек Жапаров: Энергетиканын өнүгүшү бардык тармактардын өсүшүнө таасирин тийгизет

Экономика 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин отчету каралган Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып энергетика тармагында аткарылган жана алдыдагы иштер тууралуу баяндама берди.

Анда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров, 2024-жылы кубаттуулугу 48,3 МВт болгон чакан ГЭСтер ишке киргизилгенин, CASA-1000 долбоору бүткөрүлгөнүн, күн жана шамал станциялары боюнча долбоорлордун ишке ашырылып жатышы, Токтогул ГЭСнин реконструкцияланышы тууралуу айтып берди.

“Бала-Саруу, Ысык-Ата-1, Кайнама, Көк-Арт, Исфайрам-1, Курак-Тектир ж.б. чакан ГЭСтер ишке кирди. Азыр өлкөдө жалпысынан кубаттуулугу 121,5 МВт болгон 33 чакан ГЭС иштеп жатат. Жыл аягына чейин дагы 6 чакан ГЭС ишке кирет. Ал эми Токтогул ГЭСнин реконструкциясы 2025-жылдын аягына чейин кошумча 240 МВтка дагы көбөйөт. Мындан тышкары, Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу 2028-жылга чейин дагы 120 МВтка көбөйтүлүп, Үч-Коргон ГЭСинин кубаттулугу азыр 180 МВт болсо, 2027-жылы 216 МВтка чейин (+36) жогорулатылат”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле, быйыл Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) абалы ЖЭБди жаңылоо зарыл экенин дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи.

“Бишкек ЖЭБинин 2 блогунда кубаттуулуктун номиналы 150 МВттан болсо, аны да чыгара албай ар бири 110 МВтка төмөндөп кеткен. 1,6 мрд сом каражат бөлүп, баарын оңдодук. Мындан тышкары ЖЭБдеги текке кетип жаткан буудан электр энергиясын өндүрүү үчүн 145 млн долларга ЖЭБдин модернизациясы башталды, кошумча 47 МВт электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк болот”, – деди ал.

Камбар- Ата-1 ГЭСи тууралуу аткарылып жаткан иштерге өзгөчө токтолгон минкаб төрагасы Акылбек Жапаров, “Камбар- Ата-1 ГЭСи жөн гана жаңы станция эмес – бул биздин энергетикалык көз карандысыздыгыбызга, экономикабызды өнүктүрүүгө жана элибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга карай жол”.

“Камбар- Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоорду Дүйнөлүк банк колдоп жатат, ал эми эсептөөлөрдүн натыйжасы долбоордун наркы күтүлгөндөн төмөн болорун көрсөтүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбордук Азия регионун келечектеги күтүлүүчү экологиялык суу кризистеринин маалында суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга чоң өбөлгө болот. Биздин ГЭСтин мааниси эбегейсиз зор. Урматтуу депутаттар, ушул жерден айта кетчү бир сөз – биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна жана Камбар-Ата-ГЭСине алгачкы каражаттарды таап, млрддаган каражаттарды бөлүп, ТЭОсун жасап жиберүүгө жетишкендигибиз – Кыргызстандын ири долбоорлорду каржылоого мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин жана темир жолду салууда эрки жете тургандыгын башка мамлекеттердин жана дүйнөлүк финансылык институттардын алдында далилдеди. Ошол үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСин салууга өнөктөштөр чыкты”, – деди минкаб төрагасы Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий