• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Акылбек Жапаров “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экономикалык форумунда сөз сүйлөдү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Алматы шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумунда “Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо” темасында сөз сүйлөдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы бир жылда Кыргызстандын Европа Биримдигине мүчө мамлекеттери менен соода жүгүртүүсү 76,1%га өскөнүн, экспорт 60,6%га, импорт 78,6%га жогорулаганын билдирди.

“Көп жагынан алганда “Преференциялардын жалпы схемасы” (ПЖС +) ийгиликтүү ишке ашырылгандыгында, бул үчүн Европа Биримдигинин өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдиребиз. “Преференциялардын жалпы схемасы” Кыргызстандын ишкерлери үчүн сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогору 508 миллиондон ашуун калкы бар Евробиримдиктин 28 мамлекети эшигин ачты”, - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргызстандын Европа Биримдиги менен кызматташуусунун алкагында ишке ашырылып жаткан энергетика тармагындагы иштерге токтолду.

“Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоорлору ишке ашырылууда. Быйыл Ат-Башы ГЭСин толук реконструкицялоо аяктап, Чаткал дарыясына кубаттуулугу 1800 МВт болгон эки ГЭСинин курулушун изилдөө башталды. Бул долбоорлорго Франциядан жана Германиядан адистер тартылган. Жыл башында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин ортосунда аймактагы маанилүү гидроэнергетикалык долбоор болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча “жол картага” кол коюлду. Ошондой эле, мамлекеттин жана ишкерлердин аракети менен 50 чакан жана орто ГЭСтердин курулушу башталды”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы форумдун катышуучуларына Борбордук Азиянын кээ бир өлкөлөрү 2030-жылга чейин сууну керектөөнүн көбөйүшүнөн улам олуттуу суунун жетишсиздигине дуушар болуу коркунучунда турганын билдирди.

“Бизге сууну үнөмдөөчү жаңы технологиялар, инновациялар, ыкмалар жана Европада окута турган квалификациялуу адистер керек. Мындан тышкары, жалпысынан экологиялык сабаттуулук маселесине көңүл бургубуз келет. Биз европалык өнөктөштөргө билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде экологиялык билимдин компоненттерин киргизүү менен экологиялык маалымдуулукту жана экологиялык маданиятты жогорулатуу боюнча билим берүү долбоорун биргелешип иштеп чыгууну сунуштайбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасынын сүйлөгөн сөзүндө 2025-жылга чейин Кыргызстан өзүн эң керектүү продукция менен кеминде 80-85%га өз өндүрүшүнүн эсебинен камсыз кылуу пландаштырылып жатканы айтылды.

Анда, азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү үчүн Борбордук Азия жана Европа Биримдиги менен тыгыз кызматташуу жана өз ара аракеттенүү аймактын олуттуу айыл чарба потенциалын жогорулатууга, модернизациялоого жана экологиялык жактан багыт бере алаары белгиленди.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Борбордук Азия – Европа менен Азиянын кесилишинде геостратегиялык позицияны ээлей турганын, заманбап транспорттук инфраструктураны жана инновациялык логистикалык системаны түзүү менен дүйнөлүк сооданын эң маанилүү борборлорунун бири болуусу үчүн бардык өбөлгөлөр бар экендигин билдирди.

“Мен бул контекстте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун стратегиялык долбоорун белгилегим келет. Бул долбоор 20 жылдан ашуун убакыттан бери талкууланып, акыры потенциалдуу долбоордон ишке ашканын баары билет. Бул долбоорду ишке ашыруу Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иранга, Перс булуңуна жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтет”, - деди Акылбек Жапаров.

Сөзүнүн жыйынтыгында Акылбек Жапаров, аймактар аралык ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бай ресурстарга, уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө жана зор потенциалга ээ экендигин белгилеп, Кыргыз тарап Европа Биримдиги менен кызматташууну өлкөнүн маанилүү багыттарынын бири экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана ири эл аралык уюмдар менен банктардын өкүлдөрү катышты. Ал эми бул экономикалык форумдун биринчи отуруму эки жыл мурда Бишкекте өткөн.

Пикир

Оставить комментарий