• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Министрлер кабинетинин төрагасы чет элдик компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чет элдик Fitch Ratings Inc. компаниясынан Елена Гриндстафф жана Oppenheimer & Co. Inc. компаниясынан Константин Деркачев баштаган өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Акылбек Жапаров Fitch, Moody's жана Standard & Poor's сыяктуу эл аралык рейтингдеги агенттиктердин ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал бул агенттиктер экономикалык туруктуулукту гана баалабастан, мамлекеттердин финансылык имиджин жакшыртууга да активдүү катышат.

“Дүйнөлүк каржы рынокторунда олуттуу тажрыйбага ээ болгон бул агенттиктер чакан өлкөлөргө жагымдуураак каржылоо жана инвестициялык шарттарга мүмкүнчүлүк бере алышат. Өлкөнүн каржылык аброю узак мөөнөттүү өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө алып баруучу көпүрө болуп саналат”, – деди Акылбек Жапаров.

Минкаб төрагасы Кыргызстандын эбегейсиз зор потенциалын жана анын амбициялуу пландарын баса белгиледи. Ал жетишилген саясий туруктуулукту жана өлкөдөгү экономикалык абалдын жакшырганын кошумчалады.

“Биз көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөттүк, бюджетке түшкөн салыктарды жана бажы төлөмдөрүн көбөйттүк, бул мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга, ошондой эле калктын жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берди. Жыйынтыгында өлкө жетекчилиги калктын 82% колдоосуна ээ болду”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле Кыргызстандын акыркы жылдардагы туруктуу экономикалык өсүүсүнө токтолду.

“ИДПнын орточо өсүү темпи 7%ды түздү. 2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 677 миллиард сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7% түздү. Акча-кредит саясатынын аркасында инфляция 2022-жылдагы 14,7%дан 2023-жылы 7,3%га чейин басаңдады. Өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 229 миллиард сомду (13 миллиард 981 миллион доллар) түзүп, мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир топ жогорулады. Калктын жан башына ИДП дээрлик 2 миң долларын түзсө, 2020-жылы ал болгону 1 230 доллар болгон”, – деген минкаб төрагасы, “мындай өсүш глобалдык туруксуздуктун жана чакырыктардын шартында экономика жөн эле ыңгайлашпастан, ал жаңы деңгээлге чыкты жана өзгөчө жылыш көрсөттү”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде чет элдик компаниялардын өкүлдөрү инвестиция салуу үчүн өлкөнүн потенциалын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар Кыргызстандын эл аралык аренада жигердүү кызматташууга умтулуусун белгилешип, финансылык талдоо жана инвестициялык климат боюнча мындан аркы консультацияларды улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий