• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Акылбек Жапаров ИННОПРОМ Эл аралык көргөзмөсүндөгү павильондор менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана Беларусь премьер-министри Михаил Головченко менен бирге ушул күндөрү Екатеринбург шаарында өтүп жаткан ИННОПРОМ-2024 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн павильондору менен таанышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, сапардын алкагында өкмөт башчылары өнөр жай, робототехника, санариптик технологиялар, машина куруу жана башка тармактарда инновациялык чечимдерди сунуштаган алдыңкы эл аралык жана россиялык компаниялардын экспозициялары менен таанышты.

Өкмөт башчыларынын көңүлү Кыргызстандын павильонуна да бурулуп, анда инвестициялык долбоорлор жана ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары көрсөтүлдү.

Акылбек Жапаров өнөр жай тармагында тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо аянтчасы катары ИННОПРОМ көргөзмөсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал белгилегендей, Кыргызстан инвестицияларды тартуу жана ата мекендик өнөр жайга заманбап технологияларды киргизүү үчүн ИННОПРОМго катышуусун кеңейтүүгө жана анын потенциалын пайдаланууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий