Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларусь Республикасына барат

Өкмөт 0

Бишкек, 02.06.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 3-4-июнунда иш сапары менен Беларусь Республикасына барат.

Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, "Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу" пленардык сессиясына катышуу жана "Белагро-2024"эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылган.

ЕӨАКнин кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе каралат, анын ичинде Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүсү, трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету, 2023-жыл үчүн.

Пикир

Оставить комментарий