• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларуска келди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларустун Минск шаарына келди.

Иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барат жана көргөзмөнүн алкагында өтүп жаткан “Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу” пленардык сессиясына катышат.

Пикир

Оставить комментарий