• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Акылбек Жапаров иш сапары менен Мюнхен шаарына барат

Өкмөт 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Германиянын Мюнхен шаарына барат.

Сапардын алкагында ал Мюнхенде өтүүчү "Кыргызстандын экономика күнү" деген темасындагы кыргыз-герман бизнес-форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошондой эле, Мюнхен шаарында болгон учурунда минкаб башчысы Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле ар кандай ишканаларды кыдырат.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын ноябрында жана 2024-жылдын июнунда "Кыргызстандын экономика күнү" форматындагы бизнес форумдар буга чейин Гамбург жана Франкфурт шаарларында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий