• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акылбек Жапаров: Ишкерлер үчүн ККМны ишке киргизүүдө эң ийкемдүү шарттар түзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 26.06.22. /Кабар/. Ишкерлер үчүн контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда салыктарды төлөө Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын конституциялык милдети болуп саналат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүүнүн алкагындагы сунуштарды талкуулоо боюнча жумушчу топтун отурумунда билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин 10 күндүк ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан Жумушчу топтун сунуштары талкууланды.

Жумушчу топтун бардык сунуштары кеңири талкууланып, Министрлер Кабинетинин башчысы алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай продуктуларын сатуу менен алектенген ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды кыйшаюусуз колдонууга жана сатылып жаткан продукцияга эсеп-фактураларга ээ болуусу тийиш экендигин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу боюнча ишти улантуу чечими кабыл алынды, анткени алардын көпчүлүгү контролдук-кассалык аппараттарды кантип иштетүүнү түшүнбөй жатканын моюнга алышты.

Кеңешменин жыйынтыгында бир катар чечимдер, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге ишкердик менен алектенген чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпесе, аларды салыктан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жумушчу топтун кезектеги жыйыны бир жумадан кийин өтүп, анда ишкердиктин башка категориялары талкууланып, ал үчүн контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн өзгөчө шарттарды түзүү каралууда.

Пикир

Оставить комментарий