Акылбек Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жасер менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын президенти, доктор Мухаммед Аль-Жасер менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын улуттук экономикасы 2024-жылдын башынан бери туруктуу темпте өнүгүп жатканын, Кыргызстандын экономикалык өсүүсү жогорку деңгээлде уланып жатканын белгиледи.

Акылбек Жапаров өлкөдө ири инфраструктура жана эл аралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгилеп, өзгөчө Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Жакында ИӨБ менен Энергетика министрлигинин ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча коммюникеге кол коюлганы кубандырат. Бул долбоор Борбордук Азия чөлкөмүнүн суу-энергетикалык балансын жакшыртуу үчүн эбегейсиз зор потенциалга ээ. Учурда Камбар-Ата ГЭС-1ди бир нече этап менен куруу пландалып, техникалык-экономикалык негиздеме жана каржы модели жаңыланууда. 2024-жылдын 10-11-июнунда Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушуна каржылоону тартуу максатында Вена шаарында (Австрия) эл аралык инвестициялык форум өткөрүлөт", - деген министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан үчүн Ислам өнүктүрүү банкы Араб координациялык тобунун (АКТ) алдыңкы уюму катары жана АКТ фонддорунан каржылоону тартууга көмөктөшүүсү маанилүү роль экенин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкына Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти доктор Мухаммед Аль-Жасер өз кезегинде жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө шыктануусун билдирип, артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди каалады. Доктор Мохаммед Аль-Жасер көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар ислам принциптери боюнча банк түзүүнүн келечегин, ИӨБнын Социалдык контракт долбоорун ишке ашырууга катышуусун, бөтөлкөдөгү сууну жана айыл чарба продукциясын экспорттоого көмөктөшүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий