• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акылбек Жапаров Катар кайрымдуулук уюмунун Бишкектеги филиалынын башкы директорун кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катар кайрымдуулук уюмунун (Qatar Cherity – Катар Чэрити) Бишкектеги филиалынын башкы директору Абделкадир Алимам Албашеир Мухамедди кабыл алды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө гуманитардык, социалдык, медицина, курулуш жана таза суу долбоорлору боюнча кызматташууну улантуу жана активдештирүү маселелери талкууланды.

МинКаб Төрагасы кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан гуманитардык чөйрөдөгү долбоорлорду жогору баалады.

Акылбек Жапаров өзгөчө ооруканаларды жана социалдык турак жайларды куруу, элди таза суу менен камсыз кылуу тармагында долбоорлорго колдоо көрсөтүү, калктын аялуу катмарына жардам берүү боюнча мамлекеттик долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуштады.

Кайрымдуулук уюмунун Бишкектеги филиалынын башкы директору эки тараптуу алакага Катар оң карай турганын жана мындан ары да ар кандай тармактардагы долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө даярдыгын, өзгөчө 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2017-жылдан бери Катар кайрымдуулук уюму Кыргызстанда эки миңден ашуун долбоорду ишке ашырган жана анын негизги багыттарынын бири калктын социалдык аялуу катмарына колдоо көрсөтүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий