• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров жана Алихан Смаилов кыргыз-казак кызматташтыгын талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.05.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолукту.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыгы, ошондой эле эл аралык уюмдар менен интеграциялык бирикмелердин алкагындагы мамилелери күндѳн-күнгѳ тереңдеп жана өнүгүп келе жаткандыгын белгилешти.

Акылбек Жапаров биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери деталдуу талкууланып, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана колдоо деминде чечилип жатканын белгиледи.

“Өткөн жылдагы иш сапарлар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө чоң түрткү берди. Бүгүнкү биздин жолугушуубуз дагы эки тараптуу кызматташтыгыбыздын актуалдуу маселелерин талкуулоого, андан аркы жолун жана келечегин аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем”, – деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн жана эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын жана Казакстандын аймактарында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу интенсивдүү иш-чараларды өткөрүү күтүлүүдө. Тагыраагы, Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги 11-жыйыны, Кыргыз-казак Аймактар аралык форумунун биринчи отуруму сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоого жана кеңейтүүгө өз ара ниеттерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий