• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте КМШ мамлекеттеринин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин жыйыны өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 31-жыйынында сөз сүйлөдү

"Мен дароо биздин бүгүнкү жолугушуубуздун темасынын актуалдуулугун белгилегим келет – “Төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугу жана аны кайтаруунун жеңилдиги үчүн КНСти башкаруудагы санариптик чечимдер", - деп сөзүн баштаган Акылбек Жапаров, учурда дүйнө санариптик трансформациянын доорунда жашап жатканын, технология биздин жашообуздун бардык чөйрөсүнө кирип, анда салыктык башкаруу да четте калбай, санариптештирүү иштин натыйжалуулугун гана жогорулатпастан, процессти өркүндөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгиледи.

Ошондой эле минкаб башчысы Акылбек Жапаров акыркы жылдары Кыргызстан салык процесстерин санариптештирүү боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишкенин, муну менен акыркы жылдары республиканын бюджетинин кирешеси эки эсеге көбөйүп, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жакшырганына токтолду.

“Маанилүү жыйынтык көмүскө бизнеске ийгиликтүү каршы туруу болду. Биздин тажрыйба, дос мамлекеттердин салык кызматтарынын ишинде да пайдалуу болушу мүмкүн деп ойлойм”, - деди ал.

Акылбек Жапаров КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңеши салыктык жөнгө салуу жаатында конструктивдүү чечимдерди иштеп чыгууда чоң тажрыйбага ээ экенин белгилеп, бул жолугушуу жаңы идеяларды жана конкреттүү чечимдерди алып келээрине ишеним артты.

Пикир

Оставить комментарий