• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Акылбек Жапаров Кочкор айылындагы жаңы автобекеттин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.11.24. /Кабар/.Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор айылындагы Ормон-Хан сейил багын автоматтык сугаруу системасы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө белгиленгендей, автоматтык ирригациялык системаны орнотуу иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, 2024-жылдын август айында суу түтүктөрүн орнотуу менен аяктаган. Ошондой эле 100 метр тереңдиктен суу чыгаруу үчүн скважина бургуланган. Учурда 2025-жылдын жазында баштала турган газон чөптөрүн отургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.

Министрлер кабинетинин башчысы мындай системаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, суу ресурстарын пайдаланууну оптималдаштырууга багытталган иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Андан ары Акылбек Жапаров Кочкор айылындагы жаңы автобекеттин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бүгүнкү күндө долбоордук-сметалык документтер толукталып, мамлекеттик экспертизага тапшырылды.

МинКаб башчысы белгилегендей, жаңы автобекет райондун транспорттук жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат, бул жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Жаңы-Жол айылындагы 0,18 гектар аянтты ээлеген спорт комплексинин курулушу менен таанышты. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттын курулушу аяктап, ички жана сырткы жасалгалоо иштери, ошондой эле дубалдарды жылуулук менен камсыздоо иштери жүргүзүлдү. Учурда комплекстин ички жасалгасы боюнча иштер башталды.

Иш сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн аймактарында социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекет калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатканын, анын ичинде мектептерди, ооруканаларды жана башка социалдык объектилерди курууну белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий