• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Акылбек Жапаров Кочкор районунда мектептин ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты

"2020-жылы курулуш башталып, мына бүгүн дээрлик 80 млн. сом сарпталып 275 орундуу мектеп болуп бүттү. Убагында эң мыкты сабак берип элдин алкышын алган Абдылдаев Шарыпбектин ысмы коюлган бул мектеп айылдын көркүн ачып, илим менен билимдин ордосу катары көптөгөн жакшы жаңылыктын себеби болоору шексиз", - деген минкаб башчысы элеттиктерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

Андан аркы сөзүндө минкаб башчысы өлкөдө жүрүп жаткан реформалар анын ичинде билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттер туурасында айтып берди. Ошондой эле Акылбек Жапаров Камбар Ата ГЭС-1 курулушу жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мега долбоорлорго токтолду.

"Мамлекетибиз туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Өнүгүү-өзгөрүүлөр мындан да көп болот", - деп сөзүн жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Андан соң минкаб башчысы Кочкор районунун Кочкор айылындагы 500 орундуу И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиянын жаңы имаратынын курулушун жана Жаңы-Жол айылындагы спорт комплекстин курулушун баштоого мезгил кутучасын салды.

Пикир

Оставить комментарий