Акылбек Жапаров KOICA президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Чанг Вон Сам менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин башчысы KOICA менен кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүү кыргыз-корея мамилелеринин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

"2013-жылы Кыргызстан менен Кореянын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган акысыз жардам жөнүндө алкактык макулдашуу, ошондой эле Бишкекте KOICA өкүлчүлүгүнүн ачылышы өз ара пайдалуу жана практикалык кызматташууга бекем негиз түзгөнүн белгилегим келет. Кыргызстан KOICAнын ишмердүүлүгүн жана Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайт. Бул жылдар аралыгында KOICA Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана досу болуп келген", - деди ал.

Өз кезегинде Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Чан Вон Сам өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин жана мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал санариптештирүү, климаттын өзгөрүшү жана билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине токтолуп, уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, KOICA президенти Чанг Вон Сам уюмдун Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан колдоонун чөйрөсүн кеңейтүү боюнча мындан аркы пландарын белгиледи.

Тараптар айыл чарба, жеңил өнөр жай, “жашыл” күн тартибиндеги долбоорлорду ишке ашыруу, шайлоо системасынын потенциалын жогорулатуу жаатында кызматташууну мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий