• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Акылбек Жапаров Кореянын Кёнсан-Пукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кореянын Кёнсан-Пукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У менен жолукту.

Жолугушууда минкаб төрагасы Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүн белгилеп, 2023-жылы 1,1 млрд доллардан ашкандыгын айтты. Ал кызматташууну, өзгөчө экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө мындан ары да өнүктүрүүнү кааларын билдирди.

Акылбек Жапаров Түштүк Корея өзүнүн алдыңкы технологиялары жана инновациялары менен маалымат технологиялары, билим берүү, айыл чарба, энергетика сыяктуу тармактарда Кыргызстан үчүн үлгү экенин белгиледи. Ал аймактык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Бишкекте өткөн экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясынын алтынчы жыйынынын ишине оң баа берди.

Акылбек Жапаров кореялык компанияларды энергетика, кайра жаралуучу энергиянын булактары, тоо-кен өндүрүшү, инфраструктура жана туризм сыяктуу экономиканын негизги тармактарына инвестиция салууга чакырды. Ал ошондой эле стратегиялык тармактарда биргелешкен ишканаларды түзүүнү жана студенттер үчүн окуу программаларын кеңейтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Кореянын Кёнсан-Пукто провинциясынын губернатору Ли Чоль У эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана эки өлкө үчүн артыкчылыктуу тармактар боюнча тажрыйба алмашууга даярдыгын билдирди. Тактап айтканда, инвестициялык жана туризм тармагындагы активдештирилген кызматташтыкты илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өзгөчө студенттер үчүн окуу программаларына жана айыл чарбасында “акылдуу технологияларды” киргизүүгө көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий