Акылбек Жапаров КР ТИМге экономикалык дипломатия жаатында ишти күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык кызмат органдарынын 2023-жылда аткарган иштеринин жыйынтыктары жана быйылкы жылга коюлган милдеттерин караган коллегиясына катышты.

МинКаб Төрагасы тышкы саясатта иш жүргүзгөн мекеменин ишинин оң натыйжаларын айтып өтүп, министрлик көп тармактуу тышкы саясатты жүргүзүү менен, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп жатканын белгиледи.

Маселен, өткөн жылы мамлекеттик жогорку деңгээлде жалпысынан 180ге жакын иш-чара өткөрүлдү. Бул убакыт аралыгында 600 эл аралык макулдашуулар жана документтер даярдалган, анын 150 – эки тараптуу, 450 – көп тараптуу.

Акылбек Жапаров быйыл министрликтин алдына бир катар маанилүү милдеттерди койду. Өзгөчө экономикалык дипломатия жаатында ишти күчөтүүнү тапшырды. Маселен, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу, “Камбар-Ата-1 ГЭС” сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга инвестиция тартуу, ошондой эле ата мекендик айыл чарба продукциясын, бөтөлкөдөгү сууну экспорттоону жогорулатууга колдоо көрсөтүүлөрү керек.

Мындан тышкары, коллегиянын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.​​​​​​

Пикир

Оставить комментарий