Акылбек Жапаров кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин I жыйынынын ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынынын ачылышына катышты.

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы бул кеңеш аркылуу жөн гана бизнес алмашуу үчүн аянтчаны түзүү эмес, эки өлкөгө тең пайда алып келе турган күчтүү өнөктөштүктүн пайдубалы түптөлүп жатканын билдирди.

“Кыргыз-британ бизнес кеңеши жөн эле уюм эмес. Бул биздин экономикалык кызматташтыктын келечегине карата жалпы көз карашыбыздын жана инновациялык мамилебиздин далили. Бул кеңеш Кыргызстан менен Улуу Британиянын бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда көпүрө болуп, диалогду жана конструктивдүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшөт”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын потенциалы эбегейсиз жана бул потенциалды реалдуу ишке ашыруу үчүн кыргыз-британ ишкер кеңеши кызмат кылаарын кошумчалады.

“Мен бардык ири жана кичи ишканаларды Кыргыз-британ ишкерлер кеңеши менен активдүү кызматташууга чакырам. Жаңы рынокторду изилдеп жатасызбы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатасызбы же өнөктөштүк түзгүңүз келеби, бул кеңеш сизге колдоо көрсөтүү үчүн түзүлүүдө. Келиңиздер азыркы муунга гана эмес, келечек муундарына дагы пайда алып келе турган кызматташуу мурасын түзүү үчүн ушул учурду колдонолу”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынына эки тараптын ар тармакта иш жүргүзгөн бизнесмендери катышты.

Пикир

Оставить комментарий