• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Акылбек Жапаров Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде лекция окуду

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Кыргыз мамлекеттик техникалык университетининде конок лекция окуду.

Лекцияга 1000 жакын студент онлайн жана офлайн форматта, окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү жана мугалимдер катышты.

Сөзүнүн башында минкаб башчысы окутуучулар жамаатын жана студенттерди окуу жайдын 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, өзү ушул окуу жайда 40 жыл мурда окуганын айтып берди. Өзүнүн лекциясында Акылбек Жапаров студенттер менен Кыргызстандын келечеги, анын ичинде экономикалык бакубаттуулугу туурасында ой калчоолору менен бөлүштү.

"Бүгүн Кыргызстандын экономикасы өнүгүүгө карай багыт алды. Биз 2030-2050-жылга карата пландарды, максаттарды белгиледик. Айтматовдун кылым карыткан бир күн дегениндей, Акыркы 3 жылыбыз 30 жылга татыган жыл болду. Биздин өлкөнүн төмөн карай кеткен учуру 30 жылга узарып кетти. Биз мындан ары өйдөлөөнүн гана сызыгында болобуз", - деген Акылбек Жапаров, ири долбоорлор саналган Камбар-Ата 1 ГЭСин, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун курулушу Борбордук Азияда "барс секиригин" жасоого көмөк болоорун белгиледи.

Лекциянын жүрүшүндө минкаб башчысы студенттерге өзүнчө кайрылып, "Ошондуктан баарын өз убагында жасоо керек. Бүгүн, азыр жасоо керек! Анткени өмүр азыр өтүп жатат. Убакыт – учкан куш, ал колдон учат. Убакыттан уттурбагыла! Сингапур, Тайланд, Гонконг, Тайван – Азиянын 4 жолборсу. Кыргыздын колу жылдызга жеткен доору “барс” деген сөз менен байланышкан – Барсбек каган. Бүгүн Кыргызстан – Борбордук Азиянын барсы. Ак илбирс – серпкенин алат", - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Конок лекциядан соң минкаб башчысы окуу жайдын корпусун кыдырып, заманбап лабораториялар менен таанышып чыкты.

Белгилей кетсек “Кыргызстандагы Лу Бань кесипканасы” долбоорунун алкагында, наркы 1,1 млн долларга Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 14 заманбап лаборатория, эки “акылдуу класс” жана конференция залдары жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий