• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктады

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджеттин аткарылышы жана алдыдагы жылдардын бюжети тууралуу маалымат берип жатып, мамлекеттик чек арада жана күч түзүмдөрүндө жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Өз сөзүндө кылбек Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктаганын, ал эми кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн дипломатиялык түшүнүүчүлүк нугуна түшкөндүгүн билдирди.

“Чек ара кызматына 2 жылда 20 млрд сомдон ашуун каражат жумшалды. Курал-жарактар, учкучсуз учактар, брондолгон машиналар, камаздарды сатып алдык”, - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары 2 жылда 100% жаңыланганын айтты.

“Элди бөөдө кырсыктардан сактоо, алдын алуу, кесепеттерин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети 2 жылда 4 эсеге көтөрүлдү, 30 жылда биринчи жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3 вертолетко ээ болду. Жалпы 700 техника жаңырды. Мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 422 млн сом бердик”, - деди Акылбек Жапаров.

Коргоо министрлиги боюнча МинКаб Төрагасы биринчи жолу зениттик-ракеталык комплекс алынганын, азыркы күндө 10 вертолет, 1 самолет иштеген абалга келгенин, бул абадан коргонуубузду камсыз кылаарын кошумчалады.

Ички иштер министрлигиндеги жүргүзулүп жаткан реформалар боюнча Акылбек Жапаров буларга токтолду.

“Ички иштер министрлигинде ар бир участкалык милицияга бирден планшет, бодикамераларды сатып бердик. 143 автотехника аймактарга кетти, 20 мобилдик автокоплекс ураган берилди. Санариптештирүү жаатында коомдук коопсуздук үчүн 800дөн ашуун видеокамера орнотулду”, - деди ал.

Мындан тышкары, улуттук коопсуздук жактан элдин тынч жашоосуна коркунуч туудурган уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш күчөтүлгөнүн, анын арты менен 2 террористтик топтун, 144 диний-экстремисттик уюмдун иши жабылганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий