• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Акылбек Жапаров: Кыргызстан бир катар долбоорлор аркылуу өнүгүүнүн башка траекториясына кирип жатат

Өкмөт 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Биз Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорлору аркылуу өнүгүүнүн башка траекториясына кирип жатабыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек ЖапаровЖогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Акылбек Жапаров парламент депутаттарына Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча келишимди ратификациядан өткөрүп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бул абдан маанилүү тарыхый окуя. Маселе 1996-жылдан бери талкууланып, 1997-жылы биринчи меморандумга кол коюлган. Бул темир жол курулушу менен биз жолу туюк өлкөдөн транзит өлкөгө айланабыз. Транзит болгон үчүн биздин жерди аралап өткөн жүктөрдөн пайда түшөт. Жылына бул темир жол аркылуу 7 млн тоннадан 13 млн тоннага чейин жүк ташылат. Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Европа өлкөлөрү менен соода мамилелерин түзүүдө болуп жатат. Европа биримдигинин ИДПсы 25 трлн доллардан ашат, 18 трлн доллар көлөмдөгү ИДПга Кытай ээ болууда. Башкача айтканда, Кытайдын рынок сыйымдуулугу биз үчүн океан сымал чексиз болуп жатат жана экономикабызды өнүктүрүүдө болгон чекти алып салууга шарт түзөт. Экспортту кескин көбөйтүп, соода балансын оң кылууга шарт түзүлөт. Ошону менен бирге биз максат кылган ИДПнын көлөмүн 2050-жылы 200 миллиардга жеткирүү реалдуу ишке айланат. Башкача айтканда биз өнүгүүнүн башка траекториясына ушул эки курулуш аркылуу чыгабыз”, - деди ал.

Минкаб төрагасы Жогорку Кеңештин бул чакырылышы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, “Камбар-Ата-1 ГЭСи” сыяктуу тарыхый долбоорлорду куруу боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алганы катары тарыхта калаарын белгиледи.

“Убагында Пётр Биринчини Европага терезе ачты деп даңазалаган сыяктуу дүйнөлүк рынокко кеңири жол ачкандар урматтуу президент Садыр Жапаров командасы – сиздер жана биз болдук деп айтсак болот. Бул жерде дагы бир маселеге көңүл бөлсөк болот. Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай – Кыргызстан –Өзбекстан темир жолун куруу биздин мамлекеттин тышкы карызын көбөйтпөйт. Бул эки ири курулуш мамлекет менен жеке менчиктин өнөктөштүгү аркылуу болуп жатат”, - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле, административдик-аймактык реформа толук күчүно кирип, анын алкагында калкты тейлөө деңгээли жакшырып, социалдык объектилерди куруу, таза суу менен камсыздоо, өзгөчө кырдаалдарга каршы аракеттенүү маселелери натыйжалуу чечилээрин кошумчалады.

“Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, президенттин атынан, жеке өзүмдүн атымдан, президенттик администрациянын жана министрлер кабинетинин атынан ыраазычылык билдиргим келет”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий