• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акылбек Жапаров: Кыргызстан өлкөлөр менен континенттерди байланыштырган маанилүү транспорттук түйүнгө айланууда

Өкмөт 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Кыргызстан кичинекей звенодон өлкөлөр менен континенттерди байланыштырган маанилүү транспорттук түйүнгө айланып баратат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган “Экономикалык кереметтин негиздери — 2030: Кыргыз илбирсинин секириги" аттуу илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр боюнча көрсөткүчтөр 5,6 эсеге өскөн. 2023-жылы Кыргыз Республикасы 121 өлкө менен кызмат көрсөтүү боюнча тышкы соода жүргүзгөн. Ошол эле учурда 45 өлкөнүн чарбалык субъектилерине кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу көлөмү көрсөтүлгөн.

Бул маалыматтар Кыргызстан көрсөткөн кызматтар тааныла баштаганын көрсөтүп, биздин компетенцияларыбыз жана сунуштарыбыз айкын жана жагымдуу болуп баратканын тастыктайт. Бул факторлор экономикабызга болгон ишенимдин жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатынын жогорулашынан кабар берээри талашсыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий