• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акылбек Жапаров: Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсүн $5 млрд жеткирүүгө умтулушубуз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Красноярск шаарына жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстан - Россия өкмөттөр аралык комиссиянын 25-пленардык жыйынында жана 11-кыргыз-орус аймактар аралык конференциясында сөз сүйлөдү.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө кыргыз-орус мамилелеринин маанилүүлүгүн белгилеп, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштардын өйдөкү динамикасын белгиледи.

Минкаб башчысы эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Владимир Путин кызматташуунун абалына жогору баа беришкенин, аны мындан ары өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын жана Кыргызстандын Россиялык инвестицияга ачыктыгын баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, бул багытта эки өлкөнүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Россиянын экспорттук борбору, Евразия өнүктүрүү банкы, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, Ишкерлер кеңештери жана Соода-өнөр жай палаталары активдүү иш алып барууда.

"Акыркы жылдары бул эки өлкөнүн бизнесинин ортосунда тажрыйба жана мыкты практиканы алмашуунун ошондой эле аймактардын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоодо аянтчасы болуп калды", - деген ал, 10 жыл ичинде жалпысынан дээрлик 690 млн АКШ долларлык 3 миңден ашуун долбоорду каржылаган орус-кыргыз өнүктүрүү уюмунун активдүү ишин айрыкча белгиледи.

Минкаб башчысы ошондой эле россиялык тарапты Ысык-Көл инвестициялык-экономикалык форумуна, "Би Тугазе" жеңил өнөр жай көргөзмөсүнө, AGRO EXPO жана башка иш чараларга катышууга чакырды.

Министрлер кабинетинин башчысы энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу боюнча "Росатом" менен жигердүү кызматташууну белгиледи.

Минкаб башчысынын айтымында, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн контекстинде акыркы 3 жылды "билим берүү тармагы үчүн жылыш" деп атоого болот.

Өткөн жылы Кыргызстанда 9 заманбап мектеп, жети облустун ар бирине бирден жана республикалык маанидеги эки шаарга мектеп куруу боюнча тарыхый келишим түздүк жана бул келишимден тышкары Кыргызстандын президенти Каракол шаарында Михаил Васильевич Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгонун кошумчалады.

Ал ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Россиянын ЖОЖдорунда окуу үчүн бюджеттик орундардын санын 1000 орунга чейин көбөйтүүнү, ЖОЖдор аралык диалогдун активдүү өнүгүп жатканын жана "Чет өлкөдө орус мугалими" долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи, анын алкагында орусиялык мугалимдер балдарга орус тилин үйрөтөт.

"Мындан тышкары, маданий делегациялар менен жигердүү алмашуу, чыгармачыл топтордун иш сапарлары, көргөзмөлөрдү жана тасмаларды көрсөтүүнү уюштуруу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. 2024-жылдын октябрь айында Москвада Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт", - деген ал быйыл Москвадагы ВДНХда Кыргызстан павильонун ачуу пландалып жатканын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында МинКаб башчысы туризм тармагындагы кызматташуунун келечегин белгиледи.

"Быйыл орусиялык инвесторлор Ысык-Көл облусундагы "Каркыра" лыжа базасын жана башка туристтик объектилерди куруу боюнча ири долбоорду ишке ашыра башташты. Кыргызстанда россиялык туристтерди ар дайым тосуп алышат. Бүгүн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер жана кол коюлган аймактар аралык макулдашуулар, меморандумдар жана бизнес-келишимдер ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү, кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө кызмат кылат", - деп кошумчалады Жапаров.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын пленардык жыйынынын жана 11-кыргыз-орус аймактар аралык конференциясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана макулдашууларга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий