• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Акылбек Жапаров: Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте Кабар-Ата-1 ГЭСин курат

Экономика 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте Кабар-Ата-1 ГЭСин курат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышынын алкагында соода-логистикалык борборлорду жана унаа жолдорду куруу пландалууда.

“Мындан сырткары, Кыргызстан Өзбекстан үчүн транзиттик көпүрө түзүп, коңшу өлкө менен айыл чарба продукциясын алмашуу көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырууда”, - деди ал.

Акылбек Жапаров жакынкы аралыкта эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 2 млрд долларга жетиши керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий