• 87
  • 90.64
  • 0.85

Акылбек Жапаров: Кыргызстан жасалма интеллектти пайдаланууда лидер боло алат

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Президенттик администрациянын кызматкерлери үчүн жасалма интеллектти өнүктүрүү темасында уюштурулган лекцияны ачып жатып, "Дүйнөдө жасалма интеллектти улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ишке ашыра алган мамлекеттер келечектин лидери болуп жатканы азыртадан эле ачык байкалууда. Кыргызстан дагы ушундай лидер боло алат", — деп билдирди.

Минкаб төрагасы жасалма интеллект жөн гана курал эмес, адамзат келечекти жаза турган жаңы тил экенин белгиледи.

"Кыргызстанда санариптештирүү ылдам темп менен жүрүп жатат. Биздин санариптештирүү аракеттерибиз азыртадан эле көрүнүктүү натыйжаларды берип жатат. Санарип мамлекеттик инфраструктурасы, электрондук кызматтарды өнүктүрүү, суперкомпьютердик долбоорлор жана кыргыз тилдүү чат-ботту түзүү – мунун баары технологиянын улуттук иденттүүлүктүн бир бөлүгүнө айланып баратканынын мисалдары. Санариптик өкмөт эми кыял эмес, реалдуулук. Министрлер Кабинети электрондук документ жүгүртүүнү колдонот, бул бизге тонналаган иш кагаздарын жана эң негизгиси убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берди. Көптөгөн маселелер тез арада чечилет. Жакында эле электрондук форматтагы тескемеге кол койдум", - деди ал.

Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө жасалма интеллект жаңы уникалдуу жумуш орундарын түзүүгө, жашоонун сапатын жакшыртууга жана ал тургай маданий мурастарды сактоого жардам берээрин улантып, ал жасалма интеллект функционалдык гана эмес, тилдин жана салттын кайра жаралуусунун символу боло аларын көрсөткөн “Акылай” долбоорун мисалга келтирди.

"Бирок, жасалма интеллект мүмкүнчүлүк гана эмес, жоопкерчилик дагы. Бүгүнкү күндө биз жарандардын маалыматтарын коргоого, алгоритмдердин ачыктыгына жана тобокелдиктерди минималдаштырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Бул принциптер улуттук стратегиянын негизин түзөт, ал технология ар бир кыргызстандыктын жыргалчылыгы үчүн иштешин камсыз кылууга багытталган. Маккинзи баяндамасында жасалма интеллект 2030-жылга чейин дүйнөлүк ИДПга 20 триллион долларды кошо алат, деп айтылат. Бул жарышка катышуубуз бир гана экономикалык өсүүгө умтулуу эмес, кызматташтыкка жана инновацияга негизделген жаңы моделди түзүү дегенди билдирет", - деген Акылбек Жапаров IT адистиктери боюнча быйылкы окуу жылында бюджеттик орундардын квотасы 500дөн 4 миңге чейин көбөйтүлгөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, лекцияны Сколково илим жана технология институтунун жана Колдонмо жасалма интеллект борборунун өкүлдөрү окуду.

Пикир

Оставить комментарий